Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Депутаттар баш прокурор Саляновага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүдө


Баш прокурор Аида Салянованын жоопкерчилигин кароо, ишеним көрсөтпөө үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары кол топтой баштаганы бейрасмий кабарланууда. “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматованын Twitter аркылуу маалымдаганына караганда, учурда 15 депутат кол койду.

Конституцияга ылайык, депутаттардын үчтөн бири бул демилгени колдосо маселе парламентке алынып чыгат. Бул 40 депутат дегенди билдирет. Ал эми жалпы жыйында үчтөн экиси буга добуш берсе кызматтан алынат.

Кыргыз парламенти кечээ, 28-мартта “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга макулдук бербей койгон. Баш прокуратура козгогон кылмыш иши боюнча Исхак Пирматовду тергөө ишине тартууну суранып, бир ай мурда парламентке кайрылган болчу. Башкы прокуратуранын ырасташынча, Исхак Пирматов 2008-2010-жылдар аралыгында Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге жол берип, мамлекетке 258 миллион сомдук чыгым алып келген. Пирматовдун айрым кесиптештери муну саясий заказ деп баалап жатышат. Өзү да күнөөсү жок экенин айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG