Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү токтотту


Өзбекстан бүгүндөн тарта Тажикстандагы ири өндүрүштүк “Талко” ишканасына газды бууду. “Талконун” маалымат катчысы “Азаттыктын” тажик кызматына “Ишкана азырынча энергиянын башка булактарын карай элек, Өзбекстан менен кайрадан сүйлөшүү оң жыйынтык берет деген үмүттөбүз” деп айтты.

Расмий маалыматка караганда, Тажикстан Өзбекстандан жылына 45-50 миллион кубметр, башкача айтканда Өзбекстандан импорттолгон газдын төрттөн бирин пайдаланат. “Тажиктрансгаздын” жетекчиси Сайидахмад Шарофиддинов бул жагдай Өзбекстан Кытайга газ берүү боюнча келишимге кол койгонуна байланыштуу болгонун билдирди. "Тажиктрансгаздын" жетекчиси өзбек тарап менен жаңы макулдашуу ийгиликтүү болот деп үмүттөнүүдө.

Ага чейин Шарофиддинов өлкө ички резервдерди пайдаланууга аракеттенээрин белгиледи. Ал ошондой эле Тажикстандын өздүк газ кендерин Орусиянын жардамы менен казып алуу аракеттери жакын арада жыйынтык бере баштайт деп ишендирди. Ал эми Өзбекстандын энергетика министри газ берүү үч айлык келишимдин мөөнөтү бүткөнгө байланыштуу токтотулганын айтты. Ташкен январда да 2012-жылга газ келишими түзүлбөгөнүн айтып, Тажикстанга газды бууп койгон соң, эки тарап үч айлык келишим түзгөн. Тажикстан газды жалгыз Өзбекстандан алат.

XS
SM
MD
LG