Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Апрел окуясы боюнча сотко күбөлөр келбей койду


Апрел окуясы боюнча сот жыйыны бүгүн кайрадан башталмак. Бирок айрым адвокаттар жана бүгүн көрсөтмө бере турган күбөлөр келбей койду. Ошондуктан сот 9-апрелге жылды.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтына митингге чыккандарга ок атылып, токсондой киши каза тапкан. Ошол жылы күзүндө бул кандуу окуя боюнча соттук териштирүү башталган. Бирок азыркыга чейин жыйынтыгы чыга элек. Соттолуучулар тизмесинин башында мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары турат. Алар өлкөдөн чыгып кеткендиктен издөөдө, өзүлөрүн күнөөсүз экенин айтып келишет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG