Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Индия атомдук кемелүү өлкөлөрдүн тобуна кошулду


Индия Орусияда курулган суу астында жүрүүчү атомдук кемени ырасмий түрдө пайдалана баштады. “Акула II” классындагы субмарин Орусиядан он жылга лизингге алынган. Индияга январда Владивосток портунда тапшырылган. Кеме суу астында үч ай бою жүрө алат. Маалымат булактарынын билдиришинче, Индия кемеге атомдук курал орнотпойт. Бирок ядролук куралдарды жайылтпоо келишимине ылайык, кеме кадимкий ракеталар менен куралданат. Индия эми атомдук кемелери бар Британия, Кытай, Франция, АКШ жана Орусиянын катарына кошулду. Азыр Индия атомдук энергия менен иштечү өздүк кеменин үстүнөн иштөөдө.

XS
SM
MD
LG