Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Талибдердин кол салуусунан коопсуздук күчтөрүнүн 8 өкүлү мерт болду


Кол салуу Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жергиликтүү милициянын бекетине шаршембинин кечинде чабуул коюлган.

Кол салуу үчүн "Талибан" кыймылы жоопкер экендигин анын өкүлү Кари Юсуф Ахмади билдирди. Мунун алдында кечээ өлкөнүн түндүк-батышындагы Фаряб провинциясында "Талибандын" жанкечтисинин чабуулунан 12 адам, анын ичинде АКШнын үч аскери мерт кеткен эле.

Жалпысынан быйылкы жыл ичи Ооганстандан НАТОнун жүздөй аскеринин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG