Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Балыкчы: Унаа кырсыгында төрт адам мерт кетти


Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында унаа кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя кечээ кечинде болгон.

Анын айтымында, Бишкек - Торугарт унаа жолунун 167-чакырымында эки жеңил унаа сүзүшүп, төрт адам каза болду. Дагы төрт адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. (RK)

XS
SM
MD
LG