Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Бүгүн оппозиция Жалал-Абадда митинг өткөрөт


Бүгүн Кыргызстандагы оппозициялык партиялар Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында тынчтык митингин өткөрөт. Бул тууралуу оппозиция өкүлү, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, митингге “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” партияларынын лидерлери баштаган оппозиция өкүлдөрү катышат. Алар жаңы өкмөт куроо, конституциялык реформаларга шарт түзүү, апрель-июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоо өңдүү талаптарды коюшмакчы.

Март айында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев менен жолугуп, оппозиция менен ачык диалог курууга даярдыгын билдирген. Ташиев 5-апрелдеги маалымат жыйынында бүгүн Жалал-Абадда өтө турган митингге бийлик өкүлдөрүн чакырган. Оппозициянын алгачкы митинги 1-мартта Ош шаарында, андан соң 31-мартта Баткенде өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG