Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Тергөө абагындагы кызматкерлердин кийими жаңыртылат


Бишкектеги №1 тергөө абагында иштеген офицерлерге атайын тиктирилген жаңы курткалар берилет. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Мындай жардам Евробиримдик жана БУУнун жардамы менен Кыргызстандагы абак системасынын абалын жакшыртуу программасынын алкагында берилди. Программанын максаты - абактагылардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, ошого шарт түзүү.

Быйыл январда Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагын тазалап, камалган айрым адамдар ээн-эркин басып жүргөн "өзгөчө" камераларды ирээттеген. Бирок абактагылар буга каршылык көрсөтүп, бир айлык нааразылык акция уюштурушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG