Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Ооганстанда жанкечтилердин эки башка жердеги жардырууларынан 17 киши өлдү


Өлкөнүн түштүгүндө Хелманд вилаетиндеги Муса Кала районунда полициянын имаратына куралчан үч козголоңчу кирип, сегиз полисменди өлтүрүшкөн. Коопсуздук күчтөрү чабуул койгондордун бирөөн өлтүрүшкөнүн, калган экөө өздөрүн жардырып жиберишкенин айтышты. Андан мурдараак Херат провинциясында өкмөттүк имаратта жанкечтинин жардыруусунан тогуз адам набыт болгону, 20 киши жаракат алганы кабарланган. Полициянын кабарына караганда, өлгөндөрдүн ичинде полисмендер да, жайкын тургундар да бар. Чыгыштагы Херат провинциясы, түштүккө караганда, салыштырмалуу тынч аймак катары саналчу.

XS
SM
MD
LG