Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Йеменде 25 "ал-каидачы" жок кылынды


Шаршемби күнү Йемендин түштүгүндө аскерлер менен согушчандар ортосунда болгон кагылышта 30 чакты адамдын каны төгүлдү. Ырасмий бийликтер алардын кеминде 25и "ал-каидачылар" экенин билдирди. Абаян провинциясынын Лаудар шаарында үч күндөн бери жүрүп жаткан согушта 150дөн ашык адам набыт болду. Уруш өкмөттүк күчтөр аймактагы согушчандардын лагерине чабуул жасагандан кийин башталган. Президент Али Абдулла Салехке каршы бир жылга жакын созулган тополоң кезинде “ал-Каида” менен байланыштагы жергиликтүү согушчандар Йемендин түштүк бөлүгүн контролдоп калган. Салех февралда бийликтен кетти. АКШ жана региондогу союздаштары Йемен террордук уюмдарга каршы согуштун алдыңкы майданына айланат деп чочушат.

XS
SM
MD
LG