Сирияда ок атуулар токтогонуна бүгүн үч күн болууда. Бирок өткөн түнү аскерлер ортолуктагы Хомс шаарынын четиндеги көтөрүлүшчүлөрдүн колундагы эки маалени бир саатка жакын артиллериялык куралдардан аткылаганын оппозициячыл активисттер кабарлашты.
Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияга байкоочулардын алгачкы тобун жөнөтүү боюнча резолюцияны колго салат. Жума күнү Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү АКШ жана европалык өнөктөштөрү, ошондой эле Орусия сунуш кылган эки резолюциянын долбоорун жабык эшик артында талкуулашты. Эл аралык чабарман Кофи Аннандын өкүлү Ахмад Фавзинин билдиришинче, ок атышпоону көзөмөлдөөчү 10 же 12 байкоочу чукул арада Сирияга жөнөтүлөт.