Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Иранда чөлгө суу жеткирүү долбоору ишке киргизилди


Иранда Каспий деңизинин суусун чөлдөгү Семнан шаарына жеткирүү долбоорунун биринчи баскычы ишке киргизилди. Жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, пландын алгачкы бөлүгүнө дээрлик 1 миллиард доллар сарпталат. Адегенде сууну туздан тазалоо ишканасы курулмакчы. Анын жардамы менен жылына 200 миллион куб метр суу тазаланат деп болжолдонууда. 2 жыл ичинде ошондой эле сууну сордура турган насостор жасалат. Бүгүнкү аземге президент Махмуд Ахмадинежад катышты.

 

XS
SM
MD
LG