Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

ӨКМ: Жалал-Абаддагы кооптуу аймактар текшерилүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн Жалал-Абаддагы жаратылыш кырсыгы болуп кетиши ыктымал жерлерди кыдырып жүрөт. Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, министр Чаткалда жана Ала-Букада болот. Жаздын келиши менен пайда болчу жаратылыш кырсыктарын алдын алуу аракеттери, кесепеттерин жоюуга даярдык менен таанышат.

Март айында "Азаттыкка" маегинде министр Боронов быйылкы кыш катаал болгонун, жаз да оор болоорун айткан болчу.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында табигый кырсык жагынан кооптуу делген 2131 участок бар. 486 жерде көчкү жүрүшү ыктымал, дагы 1645 жерде сел, суу ташкындары жана жээк эрозиясы болушу мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG