Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Серенов: Транзиттик борбордун айынан илек-илектер жоголду


"Манас" аба майданында жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борбордун айынан Чүйдүн Кара-Суу айылында ондогон жылдардан бери жашап келаткан илек-илектер жок болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Асыр" экологиялык уюумунун жетекчиси Карыпбек Серенов билдирди.

"Мен бала кезимен бери билем. Ошол айылда илек-илек уялачу. Азыр экологиянын бузулганынан алар да жок болду", - дейт Серенов.

"Асыр" уюму көптөн бери Транзиттик жүк ташуу борборунун жабылышын талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүп келет. Бүгүн да алардын митинги Жогорку Кеңеш алдында өттү. Элүүдөй киши чогулганы айтылууда.

Буга чейин аталган уюм америкалык тараптан экологиянын бузулушунан кеткен чыгымдар үчүн деп 305 миң доллар талап кылып келген. Эми илек-илектер үчүн дагы 1 миллион доллар кошулганын Карыпбек Серенов билдирди.

Транзиттик жүк ташуу борбору айлана чөйрөгө залака келтирбей иштеп жатканын билдирип келет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG