Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө барбай койду


Оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленген жер, Бишкек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, 18-апрель, 2012.
Оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленген жер, Бишкек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, 18-апрель, 2012.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына бүгүн кечки саат бешке белгиленген сүйлөшүүгө оппозиция лидерлери барбай койгону белгилүү болду.

Оппозиция лидерлери өкмөт башчылары менен жолугушууга даярдыгын бүгүн эртең менен "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев парламентте журналисттерге билдирген болчу.

Сүйлөшүүгө оппозициянын башка лидерлери Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров да барууга даяр экенин айткан. Бирок оппозиция лидерлери бул жолугушуу телекөрсөтүү аркылуу түз ободо өтүшүн талап кылган.

Ошентип бүгүн кечки саат бешке жолугушуу белгиленип, ага өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттүн беш мүчөсү барды. Бирок жолугушууга оппозиция лидерлеринин бири да келген жок. Жолугушуу тегерек үстөл форматында өтмөк экен.

Оппозиция лидерлери келбеген соң премьер-министр Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал оппозиция өкүлдөрү келбей калганына өкүнөөрүн айтып, бул жерде түз эфирде өтсүн деген талаптын мааниси жоктугун билдирди.

Жолугушууну чагылдыруу үчүн элүүдөн ашуун журналист барган.

"Ата-Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов оппозиция лидерлери жолугушууга барбай калышын анын форматы канааттандырбаганы менен түшүндүрдү. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, оппозициянын сүйлөшүү телекөрсөтүү аркылуу түз эфирде өтсүн деген негизги талабы аткарылган жок.

Мунун алдында оппозиция өкмөт отставкага кетсин деген талабы дале күчүндө экенин, бул талаптан кайтпасын кайталаган.

Оппозия тарап бир күн эле мурда, кечээ бийликтен сүйлөшүү боюнча эч кандай расмий сунуш түшпөгөнүн айтып жаткан.

Оппозиция буга чейин март-апрель айларында Ош, Баткен жана Жалал-Абадда миңдеген тарапкерлерин көчөгө жыйнап, өкмөттүн кетишин талап кылган митинг өткөргөн болчу. Жалал-Абаддагы акыркы митингде талаптардын аткарылышына 21-апрелге чейин убакыт чектеп, болбосо өлкөнүн ар аймагында нааразылык акциялар башталарын эскерткен.


Өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсү болбой калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG