Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

КТРКнын Байкоочу кеңешине "Ата Журт" көрсөткөн талапкерлер өтпөй калды


Ушу тапта Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешине талапкерлерди шайлап жатат. Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан экиден сунушталган талапкерлерге добуш берүүнүн жыйынтыгында "Ата Журт" көрсөткөндөр өтпөй калышты. Айрым депутаттар оппозициянын өкүлдөрү өтпөй калганы "туура эмес" деп, кайра шайлоону талап кылып жатышат. Бирок анда мыйзам бузулуп калаарын калган депутаттар айтып жатышат. "Ата Журт" Байкоочу кеңешке сунуштаган Авияхан Кадырова 44 добушка, Нышанбек Кочкоров 49 добушка ээ болду. (RK)

XS
SM
MD
LG