Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Москвада сот панк-рокерлеринин камак мөөнөтүн узартты


Соттун чечими менен кыздардын "Пуси Райот" тобунун үч мүчөсү 24-июнга чейин абакта кала бермекчи. Үчөө февралда Москвадагы Сактоочу Христ храмында Владимир Путинге каршы ыр ырдап чыккандан кийин камакка алынган. Соттун өкүмү чыгардын алдында топтун мүчөсү Надежда Толоконникова ал ыр "чиркөө менен мамлекеттин биригишине" каршылык көрсөтүүнү максат кылгандыгын билдирди. Сот ишинин мөөнөтү жарыялана элек. Бейбаштык боюнча күнөөсү талилденсе, үчөө жети жылга чейинки мөөнөттөргө кесилип кетиши мүмкүн. Топтун колдоочулары, анын ичинде белгилүү сүрөткер, шайыр, активисттер кечээ сот өткөн имараттын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Полиция алардын аз дегенде отузун кармап кетти.

XS
SM
MD
LG