Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Израилде мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн


“Биздин үй - Израиль” партиясы парламенттеги башкаруучу коалициядан чыгып кетишине байланыштуу өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн экендигин премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдирди. Азыркы тышкы иштер министри Авигдор Либерман жетектеген “Биздин үй - Израиль” фракциясы коалициядан чыгаарын ишемби күнү жарыялаган. Улутчулдук маанайдагы бул партия парламенттик шайлоодо азыркы премьер Нетаньяхунун Ликуд партиясынан кийинки орунду ээлеген. Израилде келерки парламенттик шайлоо 2013-жылы өтүшү керек эле.

XS
SM
MD
LG