Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырчу көркөм тасманы аталган өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардан турган демилгелүү топ тартканы жатат.
"Мекендештер" деп аталган бул кинодолбоордун азыр сценарийи даяр болуп, демилгелүү топ анын бет ачарын өткөрдү. Фильмде Кореяга иштегени барып ар кандай кыйынчылыктарга туш болгон, кийин өзүнчө ири бизнес ачып, кыйналган мекендештерине жардам бергидей деңгээлге жеткен Султан аттуу жигиттин турмушу, сүйүүсү чагылдырылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган фильмде режиссерлук милдетти аркалап жаткан мекендешибиз Тагай Өзүбеков билдирди.
Учурда долбоордун авторлору демөөрчүлөрдү издөөдө.
Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөн Чотонов бул өлкөдө беш миңдин тегерегиндеги кыргыз жарандары бар экенин буга чейин "Азаттыкка" билдирген. (RK)