Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

Бишкекте Май майрамын белгилеп жатышат


1-Май - Эмгек күнүн бүгүн Бишкекте спорттук иш-чаралар менен кызуу белгилеп жатышат. Кабарчыбыздын Ала-Тоо борбордук аянтынан билдиргенине караганда, ушу тапта ал жерде үч миңдей киши катышкан Тынчтык жарыш өтүүдө. Мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери, мекеме-ишкана кызматкерлери жана спорт ардагерлери катышкан бул жарышты мэрия жана шаардык спорт комитет уюштурду. Байгеге коюлган акчанын жалпы суммасы 300 миң сом экенин "Азаттыкка" шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров билдирди.

Таң эрте Тынчтык проспектинин башынан борбордук аянтты көздөй массалык түрдө вело жана автожүрүш өттү. Анын негизги урааны - дени сак жашоо, ынтымак жана достук болду. Ар улуттун өкүлдөрү катышты. Арасында үй-бүлөсү менен чогуу катышкандар да болду.

Ал эми Ак-Кула ат майданында ушу тапта "Жазгы дерби" деген иш-чара өтүп жатат. Ат чабыш, жорго салдыруу, кунан жана тай жарыштар, көк-бөрү мелдештери өтүүдө. Бул тууралуу анын уюштуруучусу, жаңы уюшулган Улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү уюмунун жетекчиси Алмаз Касенов билдирди.

Кабарчыбыздын айтымында, баардык иш-чаралар майрамдык шаң менен коштолууда. Коопсуздук чаралары мыкты камсыз болгон. Аянтта да, ат майданда да милиция кызматкерлери абдан көп экени айтылууда. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG