Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Бүгүн Токмокто мэрди кайрадан шайлашат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Маалыматка ылайык, Токмок шаар башчылыгына эки талапкер көрсөтүлүүдө. 28-апрелдеги биринчи шайлоодо шаардык кеңештин депутаттары толук келбегине байланыштуу мэр аныкталбай калган. Мыйзамга ылайык, мэр бул жолу да шайланбай калса, шаардык кеңеш таркатылып, кеңешке жаңы шайлоо жарыяланмакчы.

Токмок шаардык кеңешинин депутаттары 4-мартта шайланган. Анда добуштардын көпчүлүгү “Республика” партиясына тийген болчу. Шайлоонун жыйынтыгы бир катар партиялардын нааразылыгын жараткан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG