Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Москва өкмөтү "Миллиондордун жүрүшүн" өткөрүүгө макулдук берди


6-майда Москвада оппозициялык күчтөрдүн жүрүшүн өткөрүүгө Москванын өкмөтү уруксат бергендигин регионалдык коопсуздук департаментинин башчысы Алексей Майоров билдирди.

"Миллиондордун жүрүшү" Москванын Якиманка көчөсү менен Болотная аянтында өтөт, ага 5 миңге чейин киши катышаары күтүлүүдө деп билдирди шаар бийлигинин өкүлү.

Москва шаар бийлиги менен оппозициянын жүрүштү өткөрүү боюнча сүйлөшүүсү бир нече күнгө созулду. "Солчул күчтөрдүн" координатору Сергей Удальцов Путин президенттикке кирише турган күндүн алдында жүрүш өткөрүүнү 10-марттагы нааразылык митинг маалында сунуштаган.

Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин ант берүү аземи 7-майда өтөт.

XS
SM
MD
LG