Бүгүн Жалал-Абаддагы D телеканалынын жана Жаштар министрлигинин облустагы бөлүмүнөн чогулган 50 чакты адам Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу селден жабыркаган үч айылдын тургундарынын короо-жайларын, үйлөрүн тазалашты.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаал министрлиги менен үй ээлерине жардам берген жаштардын бул саамалыгын башка мекеме-уюмдар жана адамдар да кубаттышы керек. Себеби суу ташкындардын 80 пайызы айыл-кыштактар арасындагы ички чарбалык арык-каналдар убагында тазаланбагандыктан болгон.
Буга чейин облустук бийлик облустун 681 үйүнө сел кирип, 2660 короо-жайды каптаганын маалымдаган. (YA)