Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Лейди Гаганын чынысы 75 миң долларга сатылды


АКШда окуган жаш жапон сүрөткерлери уюштурган соопчулук акциясында эстрада ырчысы Лейди Гаганын бир гана жолу колдонгон чынысы 6 миллион иенге бааланды, бул болжол менен 75 миң долларга барабар. Гага өпкөндөгү эндигинин изи калган чыныны ырчы былтыр июн айында Токиодогу пресс конференцияда пайдаланган эле. Чыныгы аты Стефани Германотта болгон Гага Жапонияга былтыр марттагы зилзала менен цунамиден кийин жардам аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн барган. АКШда туулган Лейди Гага Жапонияда зилзаладан кийин эки ирет болду, эми ушул айдын этегинде Токионун сыртында үч концерт бергени жатат.

XS
SM
MD
LG