Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Лондонго дагы бир кыргызстандык спортчу жолдомо алды


10-майда дзю-до күрөшү боюнча Юрий Краковецкий Лондон олимпиадасына жолдомо алганы анык болду. Бул тууралуу өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Назирдин Акылбеков «Азаттыкка» билдирди.

Дзю-до боюнча дүйнө жүзүндөгү олимпиадалык иргеп алуу мелдештери соңуна чыгып, Эл аралык дзю-до федерациясы балбандардын упайларын санап чыкты.

Натыйжада 100 килограмм салмактагы балбандардан арбын упай топтоого жетишкен кыргызстандык Юрий Краковецкийдин Лондон олимпиадасына жолу ачылды. Мындан мурда 96 кило салмактагы Чынгыз Мамедов Лондон олимпиадасына жолдомо алган.

Учурда 12 спортчу Лондон олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүүдө.

Июнь айынын аягына чейин дагы 3-4 жолдомо алуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов «Азаттыкка» айтты. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG