Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Кыргызстандыктар Казакстанда каттоосуз 90 күн жүрө алат


Кыргызстандыктар Казакстанда жана казак жарандары Кыргызстанда токсон күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Мындай макулдашуу бүгүн Астанада кабыл алынды.

Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, ага Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асейин Исаев жана Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов кол коюшту. Беш күндүн ичинде дипломатиялык өкүлчүлүккө барып каттоого турган жарандар эми үч ай бою каттоосуз жүрө алышат. Учурда бул норма 30 күндү түзөт.

Макулдашуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Астанадагы эки күндүк расмий сапарынын алкагында кол коюлган жалгыз документ болуп калды. Кечээ Атамбаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, өлкө башчылары жаңы стратегиялык өнөктөштүк боюнча билдирүү жасашкан. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG