Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Өкмөт бюджеттин аткарылышын талкуулады


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бүгүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга тиешелүү мекеме жетекчилери катышты. Каржы министрлиги өткөн айда акча чогултуу 102 пайызга аткарылганын билдирди. Салык чогултуу 100,4%, бажы төлөмдөрүн чогултуу төрт ай ичинде 113% түзгөнү айтылды. Пенсия төлөш үчүн Социалдык фонд чогулткан акча 107,4 % түздү. Премьер-министр көмүскө бизнести ачыкка чыгаруу талабын койду. (RK)

XS
SM
MD
LG