Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ооганстандагы селден бери дегенде 27 киши мерт кетти


Ооганстандын түндүгүндөгү тоолуу чөлкөмдө сел бери дегенде 27 кишинин өмүрүн алып кетти. Көптөгөн жергиликтүү тургундар дайынсыз жоголууда. Тахар вилаетинин губернатору Абдул Жабар Такванын айтымында, Ишкамиш районунда ондогон кыштак жабыркады. Алыскы айылдарга тик учак менен гана жетсе болот. Жума күнү эртең менен дамба сууга туруштук бере албай урап калган. Сел бүтүндөй өрөөндү, бир нече айылды каптады. Губернатор курман болгондордун саны көбөйүшү ыктымал дейт. 6-майда Сари-Пул аймагында катуу селден 21 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG