Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Бүгүн Францияда 65-Канн кинофестивалы ачылууда


Бул дүйнөдөгү эң эски жана абройлуу киносынактардын бири катары белгилүү. Кинофестиваль 12 күнгө созулат. Баш-байге, “Алтын пальма” үчүн, 21 тасма ат салышат. Быйыл конкурска катышып жаткан фильмдердин бирөө да аял-режиссерлор тарабынан жарытылган эмес. Кинодогу белгилүү аялдардын тобу Le Monde гезитинде ачык катын жарыялап, фестивалдын программасын түзүүдөгү эркектердин шовинизмин сынга алышкан.

Фестиваль бүгүн америкалык режиссер Уэс Андерсондун “Толгон айдын падышалыгы” деген фильми менен ачылат. Борбор Азиядан казак режиссеру Дарижан Өмүрбаевдин “Студент” деген тасмасы “Өзгөчө пикир” деген конкурска катышат.

Калыстар тобун 1993-жылы “Алтын пальманы” уткан италиялык режиссер Нанни Моретти жетектейт. Быйылкы Канн фестивалы америкалык актриса Мэрилин Монронун урматына жарыяланды. Анткени Монро көзү өткөнүнө быйыл 50 жыл толот.

XS
SM
MD
LG