АКШнын президенти Барак Обама Иранга каршы санкцияларды алып салуу азырынча мүмкүн эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Обама бүгүн Кэп-Дэвидде өзүнүн резиденциясында «Чоң сегиздин» лидерлиринин саммити учурунда айтты. АКШнын президентинин айтымында, жазаналарды алып салыш үчүн расмий Тегеран өзүнүн ядролук программасы боюнча эл аралык коомчулук менен иштеше ала турганын толук даңазалашы керек. Ушул эле күнү бир аз мурдараак Ирандын тышкы иштер министрлиги келерки аптада шаршембиде Багдатта өзүнүн ядролук программасын дүйнөлүк лидерлер менен талкуулоо учурунда Иранга каршы санкцияларды алып салууну да караштыруу керек деп билдирген болчу.
«Чоң сегиздин» саммитинин экинчи күнүндө дүйнөдөгү сегиз өнүккөн мамлекеттин башчылары Европадагы карыз кризисин да талкуулашты. Анын алдынан Обама азыр «финансылык биримдүүлүк» канчалык маанилүү экенин баардык мүчөлөр билишээрин айткан.