Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

НАТО Оооганстан боюнча планды бекитти


Чикагодогу эки күндүк саммитте бекитилген планга жараша 2013-жылдын ортосуна Ооганстандын коопсуздугу жергиликтүү күчтөргө өткөрүлүп берилет жана 2014-жылдын соңуна НАТОнун согуштук күчтөрү Ооган жеринен чыгып кетет. НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен билдиришинче:

- Ооган өкмөтү НАТОну 2014-жылдан кийин Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жардамдашууга чакырды. Биз жаңы машыктырууларды өткөрүүнү жетектөөгө, кеңеш бергенге жана жардам көрсөткөнгө даярбыз. Мен тактап айтайын: бул башка ысым астындагы Коопсуздукка жардамдашчу эл аралык күч - ISAF болбойт. Бул НАТОнун жаңы ролуна ылайык жаңы миссия болот.

НАТО ошондой эле Пакистанды Ооганстанга өтүүчү кан жолду мүмкүн болушунча тез ачууга үндөп, Орусия менен Борбор Азия өкмөттөрүн Ооганстандагы эл аралык күчтөргө өз жери аркылуу жүк ташыганга жардамдашканына алкыш деди.

XS
SM
MD
LG