Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

МАГАТЭ башчысы Тегеранды көндүрүү аракетин улантууда


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин директору Юкия Амано Тегеранда Иран жетекчилери менен “ургаалдуу жана өтө пайдалуу” сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул жөнүндө Ирандын өкмөттүк телеканалы кабарлады. Амано Тегеранга өлкөдөгү атомдук куралдар жасалат деп шектелген жайларды МАГАТЭге текшергенге уруксат бергенге көндүргөнү барган. Иран ядролук куралдуу болгонго аракет кылып жүргөнү айтылып келет. Шаршемби күнү Багдадда Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран жана алты байдөөлөт мамлекет арасындагы сүйлөшүү болот.

XS
SM
MD
LG