Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Киевде кыргызстандык сүрөтчү көргөзмө уюштурду


Украинанын борбору Киев шаарында кыргызстандык жаш сүрөтчү Роман Гуманюктун чыгармалары коюлган көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө "Тоолор өлкөсү" деп аталат. Аны уюштурууга Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жардамдашты. Тян-Шан тоолору тартылган 15 сүрөт "Pit Art Gallery" көркөм галереясына коюлду.

26 жаштагы Роман Гуманюк Кыргызстандын украин тектүү жараны. 2001-жылы анын алгачкы көргөзмөсү өткөн. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде уюштурулган ал көргөзмө Чернобыл трагедиясына арналган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG