Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Орусияда митингдерде мыйзам бузуулар үчүн жаза күчөтүлөт


Тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн Орусия Думасы биринчи окуудан 236 “макул”, 207 “каршы” добуш менен кабыл алды.

Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы сунуш кылган мыйзамга ылайык, митинг-демонстрациялар учурунда мыйзам бузду деп айыпталгандарга 1,5 миллион рубль же 48 миң долларга чейин айып салынат.

Мамлекеттик Думадагы үч оппозициячыл партия документке каршы добуш берди.

Оппозициянын жактоочуларынын пикиринде, жаңы мыйзам президент Владимир Путинге каршы нааразы кыймылдардын болочогуна коркунуч туудурууда.

Орус оппозициясы Путиндин кайра бийликке келүүсүнө каршы былтыр декабрдагы парламенттик шайлоолордон бери бир нече нааразылык акцияларын өткөрдү.

Соңку ирет оппозициянын үч таанымал активисти: Алексей Навальный, Сергей Удальцов, Илья Яшин полиция буйругуна баш ийбеген деген айып менен 15 суткага абакка кесилишкен.

Мыйзам биринчи окуудан 18-майда эле каралмак, бир оппозициячыл партиялар парламент жыйынына бойкот жарыялап, андыктан мыйзамы талкуулоо бүгүнкүгө калтырылган.

Мыйзамдын авторлору аны үч окуу менен июнь айынын башына чейин кабыл алууга үмүттөнүшүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG