Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Аскаровдун ишин кайра кароо өтүнүчү айтылды


Июн окуясы боюнча күнөөкөрлөрдүн бири деп сотто өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган Азимжан Аскаровдун адвокаттары Баш прокуратурага кайрылды. "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун адвокаты Евгения Крапивинанын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, алар Аскаровго карата кылмыш ишти кайрадан карап чыгууну өтүнүп жатышат. Себеби Аскаровго коюлган айыптарга анын тиешеси жок экенин айтып бере ала турган күбөлөр чыгууда.

Азимжан Аскаровго 2010-жылдын июн коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылган.

Бирок бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Аскаровго карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, мыйзам бузуулар болгонун, Аскаровдун күнөөсү жоктугун далилдеген кишилерди тергөө да, сот да укпай койгонун айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG