Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Кара-Кулжада жер көчтү


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кечээ жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 1-Май айылынын Күңгөй участогунда 24-майда көлөмү 24 миң куб метр болгон жер көчкү түшүп, жайлоого кетүүчү ички чарбалык жолдун 80 метр аралыгын бөгөп калган. Мындан сырткары жер көчкүнүн кесепетинен таза суу түтүгү үзүлгөн жана 10 кВТ электр мамычасы кулаган. Электр мамычасы калыбына келтирилди. Райондук акимиат ички чарбалык жолду тазалатып, таза суу түтүгүн калыбына келтирип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG