Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кызыл-Жар айылында жайгашкан психоневрологиялык ооукананын дарыгерлерине 4 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган оорукананын дарыгерлери сот тарабынан психологиялык жактан оорулуу деп табылып, мажбурлап дарылай турган айрым бейтаптарды уруксатсыз ооруканадан чыгарып жиберишкен. Ошондой эле бир катар каржылык мыйзам бузууларга да жол берилип, ооруканада эмгектенбеген эки айдоочуга маяна төлөнүп жүргөн.
Учурда бул кылмыш иши тергелип жатат. (BkA)