Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Сириянын Хама шаарында өкмөттүк аскерлердин чабуулунан 30 адам набыт болду


Бул тууралуу бүгүн баш кеңсеси Лондондо жайгашкан сириялык укук коргоочулардын уюмунан кабарлашты. Бирок кабарды азырынча башка булактар менен ырастаганга мүмкүн болбой жатат.
Мунун алдынан Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын Хула шаарындагы кыргынды кескин айыптаган болчу. Кеңеш жума күнү Хулада кеминде 108 адамдын өлтүрүлүшүн “кескин айыптай” турганын билдирди. Кечээ кечинде Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, соңку кырдаалды талкуулаган. Андан кийинки билдирүүсүндө кеңеш “чабуулга бир топ өкмөттүк артиллерия, танкалар тартылганын” айтты.
15 мүчөлүү кеңеш Хулада жайкын тургундар да жакын аралыктан атылганын, катуу ур-токмокко алынышканын билдирди. Бирок соңку чабуулга ким жоопкер экени билдирүүдө айтылбады. Сириянын өкмөтү болсо жума күнкү кыргынга өкмөттүк аскерлердин эч тийиштиги жоктугун, мунун баарын “террористтер” жасашканын гана билдирген.

XS
SM
MD
LG