Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Байкоңурдан пландалган орусиялык кемелер учурулбай жатат


Казакстан Орусияга Байкоңур космодромунан космостук кемелерди учурганына ынабай жатат. Орустардын “Коммерсант” басылмасы менен ИНТЕРФАКС агенттигинин кабарлашынча, Астана ракеталардын сыныктарынын Кустанай облусунун территориясына түшүүсүнө макул болбой, ал үчүн кошумча келишим түзүүнү жана кошумча акча талап кылууда. Бул кабарды расмий булактар тастыкташа элек.

Апрелде орусиялык пайдаланылган кеме Кустанай облусуна кондурулган. Андан көп узабай аймакта бир миң өлгөн бөкөн табылган. Роскосмос жана Казакстан жаңы келишимди качан түзөрү белгисиз.

XS
SM
MD
LG