Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Ошто кооганын эки жылдыгын утурлай текшерүү күчөтүлдү


Ош шаарында июн окуяларынын эки жылдыгын утурлай “Арсенал” аттуу ыкчам, алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Иш-чаранын алкагында милиция 2010-жылдагы апрел-июн окуяларында элге өтүп кеткен курал-жаракты кайтарып алуу аракетин көрүп, элдин колундагы мыйзамдуу куралды да текшерип чыгышат. Мындан тышкары шаарга киргенде жана чыкканда текшерүү күчөтүлөт:

“Негизги максат – чагымчыл аракеттерди болтурбай, каргашалуу окуялардын эки жылдыгын тынч, эсен-аман өткөрүп алуу болуп саналат. Шаарга кирип чыккан автоунаалар текшерүүгө алынат. “Арсенал” рейдине улай эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмү да “Коомдук тартип” деп аталган профилактикалык рейд өткөрөт. Анын максаты шаарга келип кеткен адамдарды көзөмөлгө алуу”,-деди Замир Сыдыков

Алдын ала маалыматка ылайык, 29-майда башталган алдын алуу иш-чаралары ушул апта ичи уланат. Коопсуздукту камсыз кылуу аракети июн коогасынын эки жылдыгы өткөнгө чейин созулмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG