Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Нурдинов: "Кара квадрат" муфтиятта төңкөрүш жасаганы жатат


31-майда өткөнү жаткан жыйында Кыргызстандын азыркы муфтийи Чубак ажы Жалилов кызматынан төңкөрүш жолу менен алынып калышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү бүгүн "Муфтияттын уставдык укугун, коррупцияга каршы реформасын коргоо жамааты" деп аталган бирикменин жетекчиси Бакыт Нурдинов таратты.

Ал өлкөдө президенттик аппарат, дин агенттиги, УКМК жана дин тармагындагы коррупциядан турган "кара квадрат" пайда болду деп эсептейт. Аны радикалдык экстремизм деп мүнөздөп жатат.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев "Азаттыкка" 29-майда курган маегинде мындай айыптоолор негизсиз экенин айткан.

"Муфтийди өздөрүнүн Уламалар кеңеши шайлайт. Айтылып жаткан дооматтар негизсиз. Бизге келип түшкөн арыздар боюнча тактоо иштерин жүргүзүү үчүн кайрылсак муфтият ушундай реакция жасап жатат", - дейт Жумабаев. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG