Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

"Майдан.kg" гезитинин башкы редактору кармалды


Оппозициялык маанайдагы "Майдан.kg" гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов камакка алынганын ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн "Азаттыкка" тастыкташты. Маалыматка караганда, Нургазы Анаркулов бир жарандын арызынын негизинде кылмышка шектүү адам катары кечээ түштөн кийин кармалып, азыр Бишкектеги убактылуу кармоо жайларынын биринде.

ИИМ азырынча арыз жазган адамдын аты-жөнү жана башкы редактор кайсы кылмышка шектелип, кандай жагдайда кармалганы тууралуу так маалымат бере элек. "Азаттык" окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

XS
SM
MD
LG