Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Кумтөргө кетчү жол ачыла элек


Жети-Өгүз районунда Кумтөргө кетчү унаа жол дагы эле тосулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, ушул тапта митингчилер менен өкмөттүн өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Чогулгандардын саны эки жүздөй киши.

Өзүлөрүн Кыргызстан жаштар кеңешинин мүчөсүбүз деген жарандар Кумтөрдө экология бузулуп жатканын билдирип, жергиликтүү тургундарды ишке алууда айрым чектөөлөрдү алып салууга чакырууда. "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алып, коомчулук менен байланыш менеджерин жоопко тартуу талабын да коюп жатышат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG