Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Жети-Өгүздөгү жол тосуу токтоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишемби күнү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн соң, 30-майдан бери Барскоон айылындагы Кумтөргө кетчү жолдуу бууп тургандар тарап кетишти.

Мындай маалыматты акцияны уюштуруучулардын бири, Жети-Өгүз райондук жаштар кеңешинин өкүлү Нарис Калчаев да тастыктады. Калчаевдин айтымында, 20-июнга чейин атайын түзүлгөн өкмөттүк жана депутаттык комиссия нааразы тараптын талаптарын карап чыкмай болду.

- Эгер 20-июнга чейин талаптарыбыз орундалбаса кайрадан нараазылык акцияларын уюштуруп, бийликке өзүбүздүн үнүбүздү жеткиребиз, - деди Калчаев.

30-майдан бери Жети-Өгүз районундагы жаштар тобу “Кумтөр оперейтинг” компаниясына кеткен жолду эки жеринен тосуп, бийликке жана кен казган компаниянын жетекчилигине 20 талап коюшкан. Алардын арасында Кумтөрдө экология бузулуп жатканын атайын комиссия түзүп текшерүү жана 2010-жылы компаниянын карамагына берилген 16 гектар жерди кайрадан мамлекетке кайрып алуу талаптары бар.
(BkA/AKu)

XS
SM
MD
LG