Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Ош облусу кооганын эки жылдыгын өткөрүүгө даярданууда


Ош коогасында жабыркагандар акысыз медициналык кароодон өтөт жана балдары облустун аймагындагы эс алуу жайларына бекер жолдомо алышат. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июн күнү Ош мэриясы менен биргеликте шаардагы борбордук аянтта курман болгондорду эскерүү митинги уштурулат. Ушундай эле иш-чаралар облустун бардык аймактарында болот.

Андан сырткары, ынтымакты бекемдөө максатында аймактагы жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүүлөрдүн жана макалалардын сериялары даярдалууда. 10-июн күнү Ош шаарында оюн-зоок иш-чаралары болбойт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG