Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Казакстанда кызматташтарын өлтүрдү деген чек арачыга айып коюлду


Чек арачы Владислав Челахка расмий айып коюлганын бүгүн Казакстандын Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Нурдаулет Сүйүндүков Астанадагы басма сөз жыйында жарыялады:

- Адвокаттын катышуусу менен өткөн суракта Челах өзүнүн кызматташтарын жана Руслан Кимди (токойчу) өлтүргөнүн мойнуна алды. Челахтын айтымында, кылмышты жасоого ички чатактар жана акыл-ээсинин түшүндүрүүгө жатпай турган бузулуусу себеп болгон. Челах башка адамдардын кылмышты жасоого аралашканын четке кагууда.

Владислав Челах он беш адамды өлтүргөнүн мойнуна алды деген маалыматтар алгач кечээ түшкөн. Анын менен бирге кызмат өтөгөн он төрт чек арачынын жана бир токойчунун өрттөлгөн сөөктөрү өткөн аптада казак-кытай чек арасындагы “Арканкерген” бекетинен табылган.

Ал бекетте кызмат өтөгөн он бешинчи чек арачы Челах 5-июнда тирүү табылган соң камалган.

Челахтын туугандары “Азаттыктын” казак кызматына аны күнөөсүз деп эсептешерин айтышты. (UE)

XS
SM
MD
LG