Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Москва Сирия элинин каалоосун колдоорун билдирди


Эгерде сириялыктар президент Ассаддын бийликтен кетүүсү тууралуу бир макулдашууга келсе, анда Москва мындай чечимди колдоорун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Министр ошондой эле Москва буга чейин Сирия өкмөтү менен абадан коргонуу үчүн курал-жарактарды жеткирүү боюнча кол коюлган келишим - эгерде ал курал-жарак башка өлкөлөргө каршы колдонулса, токтотулаарын билдирди.

Маалымат жыйында Лавров Москва баштагыдай эле чет өлкөлөрдүн Сирияга кийлигишүүсүнө каршы тураарын айтып, эл аралык чабарман Кофи Аннандын планын ишке ашырууну талкуулоо үчүн эл аралык конференция уюштурууга үндөдү.

Ишембиде Сириянын Дараа шаарындагы атышууда 17 жайтургун, шаршембиде болсо кеминде 55 киши ал-Кубейрде өкмөттүк күчтөрдүн колунан набыт болгон.

XS
SM
MD
LG