Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Египеттин экс-президенти Мубарак түрмөдө эстен танды


Х.Мубарак Каирдеги сот учурунда, 2-июнь, 2012
Х.Мубарак Каирдеги сот учурунда, 2-июнь, 2012
Каирдеги “Торах” түрмөсүнүн жетекчилиги Хосни Мубарактын жүрөгү сокпой калганда аны эсине келтириш үчүн бүгүн да электр шогу колдонулганын кабарлады. Ал азыр комада жатат. 2-июнда 84 жаштагы Мубарак былтыркы ыңкылап учурунда демонстранттардын өлүмүнө күнөөкөр деп табылып, өмүр бою түрмөгө кесилгенден кийин анын ден-соолугу кескин начарлап кеткен. Өлкөнү 30 жылдан ашуун башкарган Мубарак ошол окуялардан кийин бийликтен кетүүгө аргасыз болгон.

Жергиликтүү медиада ал өлгөнү тууралуу да түрдүү айың кеп тараганда экс-президенттин жубайы менен эки кызы аны көрүп чыгышкан. Бүгүн эртең менен бийликтер анын абалын “оор” деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG