Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:33

“Ыңгайсыз суроолор” бүгүн кечки саат 8:30да чыгат


"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында Нарындагы темир жана алтын кендериндеги абал туурасында сөз болот. Дубанда Жетим-Тоо темир кени кайра ачылат экен деп, көпчүлүк дүрбөлөң түшүүдө. Ал эми кытайлык компаниялар иштете баштаган Кум-Бел, Солтон-Сары алтын кендери боюнча жергиликтүү калк эки жаатка бөлүнүп жатышат.

Талкууга Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров жана “Кыргызстан жаштар кеңешинин“ Нарын облусу боюнча төрагасы Жеңиш Молдокматов катышат.

Коомдук телеканалда футбол боюнча Европа чемпионаты түз көрсөтүлүп жаткандыктан, “Ыңгайсыз суроолор” бүгүн кечки саат 8:30да эфирге чыгат. Программанын мындан аркы убакыттары туурасында сиздерди кабардар кылып турабыз.

XS
SM
MD
LG