Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ош: Селден жабылган жолдор ачылды


Ош облусунун Алай районунда селдин кесепетинен жабылган жолдор ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, Алай районундагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагында 16-июнда кечинде катуу жаандын кесепетинен сел жүрүп, Сопу-Коргон - Терек ички чарбалык унаа жолунун 6-участогу жабылган. Жол тазалоо иштеринен кийин эртеси күнү толук ачылды.

Ошондой эле Терек айылында 1 турак үйдүн там аркасына сел кирген. ПАД - Аскалы унаа жолунун 6-чакырымына сел агымы түшүп, жол каттамын кыйындаткан. Унаа жолду тазалоо иштерине атайын техника тартылып, толук тазаланды. (RK)

XS
SM
MD
LG